• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Миң-Куштагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери менен таанышты.

Белгилей кетсек, учурда уран калдыктарын "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайынан “Дальнее” калдык сактоочу жайына которуу боюнча иштер жүрүүдө.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, утилге чыгаруу жана жоюу, ташуу учурундагы коопсуздук боюнча тынчсызданууларын уккан.

Мамлекет башчысы бул уран калдыктарын эвакуациялоо иштери рекультивациялоонун колдонуудагы эрежелеринин жана эл аралык талаптарынын чегинде гана жүргүзүлөөрүн белгилеп, ошону менен бирге объекттерде бардык санитардык нормалар жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталаарын айткан.

Буга байланыштуу Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри баш болгон тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте уран калдыктарын рекультивациялоо иштерин жеринде көрүп чыгып, анын жыйынтыгында бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, рекультивациялоо иштерин Россия Федерациясынын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий