• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштун вице-мэри МАБ кызматкерлерине эл менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев шаардын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана бир катар мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кеңейтилген жыйын өткөрдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө муниципалдык аймактык башкармалыктардын юристтеринин иши боюнча маселе көтөрүлдү.

“Мыйзам бузуу фактылары боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн ар бир юристке ыйгарым укуктар берилди. Бирок эмне үчүн мынчалык төмөн көрсөткүч? Таштандыларды уруксатсыз таштоо үчүн эле жума сайын 5тен кем эмес протокол түзүлүшү мүмкүн. Бир күн мурун ушундай эле факты Навои көчөсүндөгү коомдук тамактануучу жайлар тараптан да аныкталган. Эмне үчүн бул окуялардын үстүнөн иштебейсиңер? Же шаардагы санитардык нормалардын бузулушун “Ош-Тазалыктын” кызматкерлери гана катташ керекпи? Жылуу сүйлөп, каалаган натыйжага жетишпейсиңер. Мыйзамдын нормаларына ылайык иш-аракеттер менен гана тартипке жана тазалыкка жетише алабыз. Ким тарабынан канча протокол түзүлгөн, кандай беренелер боюнча ай сайын отчет берип турууну тапшырам. Ар бириңиздер тартипти орнотуу боюнча ишти күчөтүшүңүздөр керек”, - деп баса белгиледи Жунусбаев.

“Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов ишкана МАБдар жана шаардык кварталдык комитеттер менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.

“Бизге саат 23:00дөн баштап соода жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана бир катар жашоочулар тарабынан тиричилик таштандылары шаардын көчөлөрүнө чыгарылып жаткандыгы боюнча арыздар түшкөн. Бул фактыларга каршы туруу үчүн муниципалдык аймактык башкармалыктардын колдоосу зарыл. Сиздерди жумасына эки жолу өткөрүлүүчү биргелешкен рейддик иш-чараларга катышууга чакырабыз. Кээ бир таштанды таштоочу жайлардын жанына биздин ишкана байкоочу камераларды орноткон. Биз күн энергиясы менен иштеген зымсыз видеобайкоо камераларын алдык. Арыздар түшсө, санитардык нормаларды бузгандарды аныктоо үчүн 1-3 күнгө коюуга даярбыз, анткени таштанды ыргыткан учурлар көп болууда. Таштанды контейнерлерибизге курулуш таштандыларын ыргытуу маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул үчүн калкка тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн сиздерден жардам керек. Курулуш таштандыларын чыгаруу боюнча өзүнчө кызмат көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Исмаилов.

Жыйындын соңунда шаардагы бардык МАБдардын юристтерине өз аймагында тартипти орнотуу боюнча жетишсиз иш алып баргандыгы үчүн эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий