• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Панфилов районунда милициянын аймактык пункту ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Күн мурун Панфилов районунда жаңы курулган милициянын аймактык пункту пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талгар Мамбетказиев, Панфилов районунун акими Бекмад Масаидов, Панфилов районунун прокурору Азамат Каримов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Панфилов райондук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Чолпонбаев, Панфилов районунун ардагери Исмаил Мамыралиев, райондун айыл өкмөт башчылары жана Панфилов РИИБдин өздүк курамы катышты.

Бул милициянын аймактык пункту Панфилов районунун Курама айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, милиция кызматкерлеринин кылмыштуулукту алдын алуу жана элдерге ыкчам кызмат көрсөтүп, жеринде иш алып баруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий