• 87
  • 90.41
  • 0.84

Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын тургундары таза суу менен камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, таза суу менен камсыздоо "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Суу менен камсыз кылуу системасы Күрпүлдөк айылынын 1961 тургунун таза ичүүчү суу менен туруктуу жана коопсуз камсыз кылат. Ачылыш аземинин жүрүшүндө катышуучулар суу тосмосун калыбына келтирүү, жаңы суу басым жабдыктарын орнотуу, 9 километрден ашык суу түтүктөрүн орнотуу жана ичүүчү суунун жогорку сапатын камсыз кылуучу сууну дезинфекциялоо системасын түзүү сыяктуу аткарылган иштер менен таанышышты.

Ошондой эле үй чарбалары үчүн суу эсептегичтер орнотулган, бул суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана сууну керектөөнү оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Социалдык объектилердин инфраструктурасын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, К. Ибраималиев атындагы мектепте санитардык абалды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Окуу жайда ички санитардык түйүндөр курулуп, кол жуугуч жана септик орнотулган, ошондой эле тазалоочу курулманын жана канализация тармактарынын курулушу аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий