• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында Ошко 200 тонна ун жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 8-январда Ош шаарына БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Россия 200 тоннадан ашык байытылган ун жеткирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүк аймагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынып, жыл сайын бул аймактагы 4 миң 600дөй адамга азык-түлүк таратылат.

Россия БУУнун азык-түлүк программасын колдоого алган Кыргызстандагы эң ири донор. Акыркы 10 жылдан бери Россия кыргыз жарандарына социалдык коргоо жаатында колдоо көрсөтүп келет.

Ош шаарынын мэриясынын, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун жана Орус үйүнүн өкүлдөрү келген азык-түлүктөрдү өткөрүп алуу жараянына катышты.

Пикир

Оставить комментарий