• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Аламүдүн райондук милициясынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, Аламүдүн РИИБдин милиция кызмткерлерине чара көрүүнү суранган. Себеби, арыз ээсинин пайдасына маселени оң жагына чечип берем деп 180 миң сом талап кылган. Бирок, талан кылынган сумманын 110 миң сомун алгандан кийин же көйгөйдү чечпей, же алган каражатты кайтарбай жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам аракеттеринин аркасында Аламүдүн РИИБдин кызматкери кармалып, сурак учурунда аталган акча каражатты өзүнүн жетекчиси Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы А.У.га маселени чечип берүү үчүн бергендигин көрсөткөн.

Тергөө амалдарынын учурдагы жыйынтыгы менен Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы А.У. КР жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ички иштер органдарынын катарын милициянын аброюна шек келтирген кара ниет кызматкерлерден тазалоо иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий