Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө алтын, экөө коло медаль.
(1 алтын, 2 коло) жеңишти.
Кыз-келиндер арасында 46 кг Фердауза Убакирова өз салмагында Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми Надежда Рак (60 кг) жана Улукбек Марсбек уулу (64 кг) коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Пикир
Оставить комментарий