Паратриатлончу Айтунук Жоомарт кызы Азия чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда паратриатлон боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Айтунук Жоомарт кызы Бишкекке келди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуну “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери тосуп алды.

Эске салсак, Айтунук Жоомарт кызы Филиппиндин Субик-Бей шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болсо, Гүлназ Жүзбаева күмүш байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий