• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Париждеги Олимпиада Кыргызстандын спортчулары үчүн ийгиликтүү өттү

Спорт 0

Бишкек, 12.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Париждеги жайкы Олимпиада оюндары Кыргызстандын спортчулары үчүн ийгиликтүү өттү. Жалпы 16 спортчу катышып, өлкө куржунуна алар 2 күмүш, 4 коло медаль салды.

Мээрим Жуманазарова алгачкылардан болуп күмүш медаль тагынды. 68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова чечүүчү беттеште америкалык спортчу Эмит Элор менен күрөштү. Кыргызстандык спортчу ага 3:0 эсебинде жеңилип, 2-орунду ээледи. Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда монголиялык балбан Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда япониялык Нонока Озакини 8:6 эсебинде жеңген. Жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1эсебинде утуп, алтын медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган болчу.

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону 25 жаштагы Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиадада коло медаль уткан.

Экинчи күмүш медалды Кыргызстанга боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алып келди. Ал финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Холоков менен кез келип, 2-орунду ээледи.

Буга чейин Мунарбек Сейитбек уулу 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңишти камсыздаган. Ал эми чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харвини уткан. Жарым финалда болсо, боксчу болгариялык Хавьер Ибаньес Диазды жеңген.

Мунарбек Сейитбек уулунун бул утушу менен Кыргызстан Олимпиада оюндарынын финалына чейин жетип, алгачкы ирет медаль жеңди.

Ал эми Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Париждеги Олимпиадада 3-орунду ээледи. Мелдешке 4 балбан катышып, үч коло медаль утууга жетишти. Бул жыйынтык менен курама 55 упай топтоп, командалык эсепте Иран менен Кубанын курамасынан кийинки 3-орунга жайгашты.

60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков коло медаль утту.

Париждеги Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова дагы коло медаль тагынды.

Тыныбекова үчүнчү орун үчүн мелдеште монголиялык спортчу Орхон Пуревдорж менен таймашып, акыркы секундаларда жеңишти илип кетти.

Балбан Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволени, чейрек финалда америкалык Кайл Мираклды уткан.

Жарым финалда болсо, украиналык Ирина Коляденкого 9:3 эсебинде утулуп, жеңилүү ызасын тарткан эле.

Президент Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктап телефон аркылуу байланышканда спортчу травмасына карабай коло медаль багындырганын айтты. Ал бул жетишкендигине мамлекет башчысынын жана жалпы кыргызстандыктардын колдоосу аркылуу жеткенин белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстан Токиодогу Олимпиада оюндарында эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээлеген. Анда кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медаль уткан. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медаль катары жазылып калды. Ал эми эки күмүш медалды Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов алган.

Токиодогу Олимпиададан айырмаланып, Парижде кыргыз спортчулары 6 медаль жеңди. Бул жетишкендиктерди эске алганда, Олимпиада оюндары ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий