• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы (U-15) эл аралык турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча кыздар арасында Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы (U-15) "CAFA U-15 Girls Championship-2019" аталышындагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Турнир 11-17-сентябрь күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкентте өтөт.

Кыргызстандын курамасы Өзбекстан, Иран жана Тажикстандын командалары менен оюн өткөрөт.

Кыргызстандык футболчулардын алгачкы оюну 13-сентябрда болуп, анда Өзбекстанга каршы беттешет.

Пикир

Оставить комментарий