• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Пирматов: Ушу тапта көптөгөн пайдалуу кендердин лицензиялары көрүнгөн шылуундардын колунда көрсоодага айланып калды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу чараларын өркүндөтүүгө багытталган “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Кожобек Рыспаев. Бул мыйзам парламент тарабынан кабыл алынып, бирок Президенттин каршы пикир болгондуктан, макулдашуу тобу түзүлгөн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев мыйзамдын жаӊы редакциясы азыркы учурдун талабына толук жооп бербей калгандыктан, жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу чараларын өркүндөтүү, жаӊы жол-жоболорду киргизүү, байкалган кемчиликтерди четтетүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. “Буга чейин макулдашуу тобу үч жолу жолугушуп, Президенттин үч беренесине карата каршы пикирине байланыштуу жоболорду кайрадан тактап чыктык”, - деди ал.

Ошентип, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамда мурдатан колдонулуп келген терминдерди чечмелөөдөгү карама-каршылыктар такталды, ошондой эле жаӊы терминдер менен түшүнүктөр киргизилди. Андан тышкары, пайдалуу кендерди мыйзамсыз чыгарып алууга же жоготууга, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүүчү скважиналарды жоготууга же зыянга учуратууга байланышкан чыгашалардын ордун толтуруу боюнча талаптар камтылууда.

Депутат Исхак Пирматов “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын жаӊы редакциясын демилгелеген депутатка ыраазычылык билдирди. “А, чынында муну Өкмөт эбак эле иштеп чыгып, парламенттин кароосуна алып чыгышы керек болчу. Анткени, ушу тапта көптөгөн пайдалуу кендердин лицензиялары көрүнгөн шылуундардын колунда жүрөт. Айрыкча, кендерди чагындоо үчүн алынган лицензиялар иштебей эле, көрсоодага айланып калды. Ага ушул мыйзам аркылуу чек коюлууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий