• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Президент “Тынчтык жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Тынчтык жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аталган Мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Алсак, көрсөтүлгөн мыйзам менен төмөнкүлөр аныкталат:

1) жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттердин (жайлардын) жана аймактардын тизмеси;

2) үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынган убактысы:

– жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;

– дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин.

3) калктын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттер:

– телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде, көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында жана коомдук тамактануу жайларында орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;

– музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;

– тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;

– пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;

– адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө, тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык каражаттарды иштетүү;

– белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана орун жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.

Пикир

Оставить комментарий