Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 28-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Кымбаттуу окуучулар!
Менин ардактуу кичинекей досторум!
Мынакей, туура 3 күндөн кийин, биз – баарыбыз жаңы жылды жакшынакай маанай менен тосуп алабыз.
Жаңы жыл майрамы жакшы тилектердин майрамы болгондуктан, силер Жаңы жылды жакындарыңар, досторуңар менен тососуңар.
Ушундан улам, мен ар жыл сайын Жаңы жылга аз калганда
кичинекей досторум менен жолугушам.
Мына ушул салтты улай, белектеримди алып, чогуу Жаңы жылдык балаты концертин көрүп, силер менен баарлашуу үчүн келип олтурам.
Урматтуу окуучулар, кышкы каникул менен кошо Жаңы жылды
чыдамсыздык менен күтүп келдиңер да? Андыктан, маанайыңар абдан мыкты деп ойлойм.
Мен алгач силерге узап бара жаткан жылда өлкөбүздө кандай иштер жасалганын жаңылык катары айта кетейин.
Узап бара жаткан жылда биз жашап жаткан Кыргызстаныбыздын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген Кара-Кыргыз автономия облусунун 100 жылдыгын белгиледик.
100 жылдыкка карата ондогон мектептер, бала бакчалар, завод-фабрикалар ачылды.
Жаңы имараттар курулуп, парктар жаңыланды, унаа жолдорубузга асфальт төшөлүп, шаарларыбыз жаркырап калды.
Биз, “балдарыбыздын мектептери жаңырсын, жаңы китептер менен окусун, дене тарбия сабактары жаркыраган спорт залдарда өтсүн” деп бардык аракетибизди көрүп жатабыз.
Бул боюнча телевизордон көрүп, радиодон угуп жатсаңар керек ?
Же болбосо мектептеги агай-эжейлериңер айтып беришти деп ойлойм.
Ошентип биз өнүгүү жолуна түштүк.
Жаңы үчтүү Кыргызстанды курууга багыт алдык.
Кыргызстандын 7 облусундагы элибиз биримдикти туу тутуп,
ынтымактуу жашап, сүйүктүү Ата Мекенибизди өнүктүрүүгө
баары салым кошууда.
Спортчуларыбыз тыным албай машыгып, эл аралык мелдештерде алтын, күмүш, коло медалдарды утуп, өлкөбүзгө сыймык алып келип жатышат.
Жогорку окуу жайларынын студенттери, мектептеги силердин байке-эжелериңер дагы китептерди көп окуп, катуу даярдык менен барып, эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болушту,
Кыргызстаныбыздын желегин бийик желбиретишүүдө.
Мынакей араңарда эл аралык олимпиадаларга катышып, олжолуу кайткан окуучулар дагы олтурат.
Жанараакта көрдүңөр, “Ди-биллионс” аттуу өнөрлүү балдар
дүйнөгө Кыргызстандын атын даңазалап келишет.
“Шаттык”, “Дилгир”, “Ак шоола” жана башка ыр-бий ансамблдерде силердин досторуңар, классташтарыңар, тааныштарыңар өз өнөрлөрү менен дүйнө кыдырып жүрүшкөнүн жакшы билесиңер.
Ал эми силер, менин кичинекей досторум, өлкөбүздү өнүктүрүш үчүн, Кыргызстанды даңктап-даңазалап, кызыл желегибизди бийик желбиретиш үчүн эң биринчи кезекте мектепти жалаң “5” деген бааларга окушуңар керек.
Агай-эжейлердин сабакта айткандарын кунт коюп угуп, берген тапшырмаларын так аткарышыңар зарыл.
Билимиңерди көбөйтүп, акылыңарды арттырышыңар кажет.
Таланттуулар болсо, өнөрүңөрдү өркүндөтүп, өлкөбүзгө кызмат кылсаңар болот.
Ошондо силер Кыргызстаныбызды өнүктүрүүгө чоң салым кошкон болосуңар.
Мектепте жакшы окуган, таланттуу балдар кийин жогорку окуу жайларга кыйналбай өтүшөт, ал жактан дагы жакшы окушат, аягында жакшы кесиптин ээси – жакшы адис болуп чыгышат.
Жакшы адистер болсо, билесиңер, өлкөбүздү бат эле өнүктүрүшөт.
Мен ушул залда Кыргызстанды өнүктүрөм деп алдыга максат коюп, мыкты окуган балдар отурушат деп ишенем.
Кана, “жакшы окуйм, Кыргызстанды өнүктүрөм!” деген балдар,
колуңарды көтөрүп койгулачы?!
(Пауза)
Ап-бали, азаматсыңар!!!
Кудай тилегиңерге жеткирсин!
Кымбаттуу менин кичинекей досторум!
Силер дагы, чоң кишилер - биз дагы Жаңы жылды изги үмүт-тилек менен күтөбүз.
Жүрөгүбүздүн түпкүрүнө каткан жылуу сөздөрдү айтып, кубануу менен тособуз.
Дегеле, Жаңы жылда дүйнөдөгү адамдардын баарынын тилегени
жакшылык болот.
Айрыкча, жыл жаңырар түнү, саат жебеси 12ни какканда,
Жаңы жылдын артынан баардык жакшылыктарды ээрчитип жибер деп Жараткандан тиленебиз.
Силер дагы, кымбаттуу менин балдарым, ар бириңер илгери үмүт байлап, жакшы тилек кылгыла.
Кыргыз элинде “Бала тилегин Кудай берет, кабыл кылат” деген сөз
жөн жерден айтылган эмес.
Силердин бардык каалоо-тилегиңер ишке ашат.
Балжууран балалыгыңар эң сонун күндөр менен, эстен кеткис көз ирмемдер менен коштолсун.
Ар дайым асманыңар ачык, маанайыңар жарык болсун!
Жаңы жылыңар кут болсун!”.
Пикир
Оставить комментарий