Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Аксы окуясында каза болгондордун элесине таазим кылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Мамлекет башчысы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель окуясында эркиндик үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Пикир
Оставить комментарий