• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россия бир катар өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөө киргизүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Россия бир катар өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына жана жарандыгы жокторго өлкөгө кирүүгө убактылуу чектөө киргизүүдө.

Россия өкмөтүнүн расмий сайтында айтылгандай, Россия өкмөт башчысы Михаил Мишустин Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Тажикстан, Армениянын өкмөт башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алар тарабынан киргизилип жаткан чектөөлөр тууралуу билдирген.

Чектөө 18-мартта күчүнө кирип, 1-майга чейин созулат.

Маалыматка ылайык, чектөө Россиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кызматкерлерине, эл аралык унаа жолдорунун айдоочуларына, расмий делегация мүчөлөрүнө ж.б. тиешелүү болбойт.

Пикир

Оставить комментарий