Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалганынан кабардар, деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
"Аталган иштин ар тараптуу иликтениши камсыз болот", - деди ал.
Эскерте кетсек, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кечээ пара алып жаткан жеринен кармалган.
Пикир
Оставить комментарий