• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президент эч кимди калкалабайт. Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча комментарий берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча комментарий берди.

"Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктайбыз.

Эске сала кетсек, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен "кыздын колун суроо" иш-чарасынан кийин белгилүү болгон.

Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.

Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт.

Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий