• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Президент коммерциялык банктарды өлкө аймактарындагы ишкерлердин долбоорлорун колдоого чакырды

Президент 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. «Улуттук банк коммерциялык банктар аймактардагы долбоорлорду каржылай тургандай стимулдарды сунушташ керек», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Бишкекте өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, кредит алуу маселеси жер-жерлерге санарип технологиялар аркылуу жеткиликтүү, арзан жана кыска убакытта бюрократия жок берилүүсүн камсыз кылуу керек.

Ал азыр «Айыл банк», РСК банк, Мамлекеттик кепилдик фонду, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардагы ишкерлерди колдоп жаткандыгын эске салып, коммерциялык банктар дагы аймактарга көңүл буруусу керектигин айтты.

«Аймактарда коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүшү абдан начар. Мамлекет региондорду колдоо саясатын жүргүзүп жатканда коммерциялык банктар ар бир аймактан бирден ири долбоорду колдосоңор, ишканалардын саны көбөйөт, чоң жардам болот. Бул багытта Улуттук банк менен мыйзам алкагында иштейсиңер деп ишенем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий