• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Милиция: "48 саатка жоголуп кет" оюнунун акыркы учурдагы өспүрүмдөрдүн жоголушуна тиешеси жок

Коом 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. "48 саатка жоголуп кет" оюнунун акыркы учурдагы өспүрүмдөрдүн жоголушуна эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда "48 саатка жоголуп кет" деп аталган өспүрүмдөр үчүн зыяндуу оюн тууралуу маалымат тарап жатат.

Бул оюн Россиянын аймагында жана башка өлкөлөрдө бир жыл мурда тараган. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында бул оюндун жайылышы боюнча бир дагы факты катталган жок.

Ошондой эле акыркы учурдагы өспүрүмдөрдүн жоголушу "48 саатка жоголуп кет" оюнуна тиешеси жок. Бирок, ата-энелер балдарынын Интернет-мейкиндиктеги коопсуздугун эстен чыгарбаш керек.

2019-жылдын башынан бери милиция өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты каттаган. Алардын 91и табылып, дагы 8 өспүрүм изделүүдө.

Жоголгон өспүрүмдөрдүн ичинен 53ү эркек бала, 43ү кыз.

76 өспүрүм ата-энелери менен урушуп үйүнөн чыгып кетсе, 15 адашып кеткендиги такталган.

Дайынсыз жоголгон жана табылган өспүрүмдөрдүн 6-14 жашка чейинкилер – 45 бала, 15-18 жашка чейинкилер – 40, беш жашка чейинкилер болсо – 6 бала.

Пикир

Оставить комментарий