• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Президент: Креативдүү экономика – бул жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол

Президент 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. «Креативдүү экономика — бул заман талабына жараша баалуулуктарыбызга жаңы дем, жаңы түс берип, жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде CREATE4KG Кыргызстандын креативдүү индустриялар биринчи фестивалында.

Мамлекет башчысы өзүнүн сөзүндө буларды белгиледи:

«Креативдүү коомчулуктун урматтуу өкүлдөрү!
Бүгүнкү фестивалдын кадырлуу катышуучулары!

Бүгүнкү фестивалга Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жаңыча ой жүгүрткөн, таланттуу, креативдүү, идеяларга бай жана демилгелүү инсандар катышып жатат.

Бүгүнкү күндө көтөрүлүп жаткан креативдүү экономика салыштырмалуу жаңы багыт экени баарыбызга белгилүү. Креативдүү экономика акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген, калктын кирешесинин көбөйүшүнө жана иш менен камсыз болушуна, ошондой эле экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да өзгөчө орун алып, активдүү өнүгүп жаткан маалы.

Өлкөбүздүн кылымдарды карыткан маданиятка ээ, салт-санаалары менен элдик кол өнөрчүлүгү бай, таланттуу жаштарга арбын, туристтик зор потенциалга ээ өлкө экендигин эске алып, ал аркылуу жашыл экономика менен санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого мезгил келип жеткендигин баса белгилеп кетейин.

Креативдүү катмардын өзөгүн илимий-техникалык чөйрөдө, маданиятта, архитектурада, дизайн менен искусстводо, музыкада жана көңүл ачуу индустриясында иштеген жарандардын прогрессивдүү бөлүгү, ошондой эле бизнес, коммерция, финансы, укук, саламаттык сактоо жаатындагы адистердин кеңири тобу түзөт.

Ошону менен бирге азыркы учурда жигердүү өнүгүп келе жаткан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү санариптик продукцияларды — компьютердик программаларды, тиркемелерди, ал тургай оюндарды жана башкаларды чыгаруу дагы креативдүү экономикага тиешелүү.

Учурда өлкөдөн чыкпай туруп эле каалаган дүйнөлүк компанияларда онлайн иштеп, өзүнө да, өлкөсүнө да пайда келтирип жаткан жаштарыбыз арбын. Дүйнөлүк масштабда санариптештирилген продукциялар тоскоолдуксуз экспорттолуп жатканы кадыресе эле көрүнүш болуп калды.

Мындай шартта жарандарыбыздын жөндөмдөрүн монетизациялоо жолу аркылуу элибиздин киреше табууга мүмкүнчүлүгү бар экенине күбө болуудабыз.

Мына ошондуктан, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо жарандардын креативдүү потенциалын ачууга жана дүйнө жүзүндө талап кылынган инновациялык продуктулардын генерациясына түрткү берет деп эсептейм.

Мамлекет дал ушул багытта актуалдуу дүйнөлүк тенденцияларды эске алып, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында креативдүү экономикага өзгөчө орун берген.

Мындан 2 күн мурда, 21-апрелде — Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүк күнүндө „Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыкка кол койдум.

Бул Жарлыкка ылайык, Креативдүү экономика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды.

Ошондой эле, министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекиткендигин дагы баса белгилеп айта кетейин. Мындан ары да Министрлер Кабинети Креативдүү индустриялар паркын түзүү жана бардык шарттар менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди сиздер менен биргеликте жүргүзөт деп ынандырып кете алам.

Дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан тобокелчиликтер жана азыркы замандагы көйгөйлөр креативдүү экономиканы бир топ тездетүүгө түртүп жатат. Аларды ар кайсы мамлекеттин калкы өз дүйнө таанымына жараша түшүнүп, кабыл алып жатышат. Бул боюнча азырынча бирдиктүү жана жалпыланган орток түшүнүк жок! Анын креативдүүлүгү дал ушунда!

Негизи эле креативдүү экономика — адамдын чыгармачылыгы менен идеялары, акылы менен технологиянын айкалышуусунан келип чыккан концепция. Анын негизги мүнөздөмөлөрү — жаңы технологиялар жана ачылыштар, адамдын билимине, идеяларына жана креативдүү ой жүгүртүүсүнө негизделген экономикалык ишмердик десек жаңылышпайбыз.

Креативдүү экономика бул өткөн тарыхыбызга, андан бери келаткан каада-салтыбызга, ошончо мезгилден бери топтолгон тажрыйбабызга таянуу менен заман талабына жараша мындай баалуулуктарыбызга жаңы дем, жаңы түс берип, жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол экенин өзгөчө белгилейм!

Ал эми дайыма көчмөн турмушка ыңгайлашкан элибиздин, караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап, кыйчалыш учурлардан кыйгап өтүп келген бабаларыбыздын дүйнө-таанымында креативдүүлүк — бул эң ириде жаратмандык.

Биз ири өлкөлөрдөй болуп финансылык капитал менен жаратылыш ресурстарына гана эмес, адамдын акыл көрөңгөсүнө, ойлоп табуучулугуна, жаратмандыгына таянып, руханий жана материалдык байлык күтө алабыз.

Убакыт эч качан бир орунда токтоп турбагандай эле турмуш талаптары, ага ылайык жаңы милдеттер ар дайым пайда болуп турат. Алар өз убагында чыгармачылык менен креативдүү идеяларга негизделген өзгөчө чечимдерди талап кылат.

Өлкөбүз ааламдашуу шартында олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана илимий-инновациялык саясатты өркүндөтүүнүн алдында турат.

Ушуга байланыштуу билим берүүгө жаңыча ыкмалар, жаңыча усулдар зарыл. Коомчулукка белгилүү бир компетенцияларга ээ болгон кадрлар гана эмес, өнүгүүгө жана инновацияларга түрткү берген креативдүү адистер керек.

Кыргызстандын чыгармачыл коомчулугу келечекте туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катары дүйнөлүк чыгармачылык чөйрөгө активдүү интеграцияланышы керек.
Мен ар бир мекендешимди жаратмандыкка умтулууга, чыгармачылык көз карашты калыптандыруу жаатында алектенүүгө жана келечекте ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун актуалдуу суроолоруна жооп издөөсүнө жарай турган интеллектуалдык продуктуну өндүрүүгө чакырам.

Кыргызстандын ар бир жараны кайсы гана тармакта болбосун, креативдүү, ошол эле маалда жаратман боло аларына үмүтүм чоң!

Бүгүнкү фестиваль бардык чөйрөлөрдү мындан ары өнүктүрүү үчүн кубаттуу стимул болуп кызмат кылат деп ишенем.

Сөзүмдүн аягында, фестивалды жогорку деңгээлде уюштурган Креативдүү индустриялар ассоциациясына жана Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасына ыраазычылык билдирем.

Бардыгыңыздарга ийгилик, жаратмандык жана илимий-чыгармачылык жаатында жаңы ачылыштарга жетүүңүздөрдү каалайм!

Бар болуңуздар!».

Пикир

Оставить комментарий