Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын январында Индияга барат

Саясат 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын январында Индияга барат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Субраманьям Джайшанкардын жолугушуусунда айтылды, - деп кабарлайт КР ТИМдин маалымат кызматы.

Тараптардын жолугушуусу 2021-жылдын 19-декабрында «Индия-Борбордук Азия» (Нью-Дели) диалогунун алкагында өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер кыргыз-индия кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашты.

«Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Индия-Борбор Азия саммитине катышуунун алкагында 2022-жылдын январында Индияга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. Индия тарап Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен эки тараптуу мамилелерин кызматташуунун жогорку деңгээлине чыгарууга кызыкдар экенин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий