• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Марат Нуралиев Катардын ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек 27.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын тышкы иштер мамлекеттик министри Султан Аль-Мурайхиге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Нуралиев Катар Эмиринин Кыргызстанга болгон иш сапары тарыхый сапар болуп, кызматташууга түрткү болгонун, Кыргызстан менен катар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Катардын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри элчиге өз милдеттерин аткарууда ийгиликтерди каалап, Катар менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди ар түрдүү тармактарда тыгыз кызматташууга карай илгерилетүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий