• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Президент Садыр Жапаров Кара-Көл шаарынын мэрин алмаштырды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кара-Көл шаарынын мэрин алмаштырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин башка тескемеси менен бул кызматка Орозбаев Нуртилек Орозбаевич дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий