• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин жана 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын өз ара колдоого негизделген жана эки боордош элдин кызыкчылыктарын канааттандырган достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигине өзгөчө токтолду.

Президент Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жолдоду.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жакшы база түзүлүп, эки тараптуу алакаларды тереңдетүү үчүн бардык керектүү инструменттер бар экенин белгиледи.

Ал тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде маселелердин бардык чөйрөсү туруктуу талкууланып жаткандыгын жана сүйлөшүүлөр өз ара ишенимдин негизинде, эки өлкөнүн бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга чакыруусун жеткирди.

Пикир

Оставить комментарий