• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жаш баланы сүзүп качкан айдоочу кармалды. Видео

Кырсык 0


Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жаш баланы сүзүп качып кеткен айдоочуну кармады, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-февралында социалдык тармактарда белгисиз автоунаанын айдоочусу жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден кетип калгандыгы тартылган видео тараган.

"Ошол эле күнү болжол менен саат 9:56 чамасында Анкара көчөсүнүн 1/8 дарегинде белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен 2001-жылы туулган М.Э. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка кетип калган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаанын 1969-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочусун кармап, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Ал эми автоунаасы убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий