• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Президент “Ынтымак” комплексиндеги батирлер кимдерге берилерин айтты

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушу башталды.

Жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда.

“Мезгил кутусун” салуу иш-чарасында президент Садыр Жапаров жаңы турак жай комплексиндеги батирлер кимдерге берилерин белгиледи:
- Батирлердин жарымы кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилет;
- Батирлердин жарымын курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен мигранттар жана башка жарандар алат.

Мамлекет башчысы 50 пайыз өлчөмүндө алдын ала төлөөдөн түшкөн каражаттарга кезекте турган кийинки жарандар үчүн үй салууга жумшаларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий