Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти.
КРнын расмий делегациясынын курамы:
Чыңгыз Айдарбеков - Тышкы иштер министри;
Данияр Сыдыков - Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Канайым Бактыгулова – КРнын Кытайдагы элчиси;
Олег Панкратов - Экономика министри;
Нурбек Мурашев - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Жанат Бейшенов - Транспорт жана жолдор министри.
Пикир
Оставить комментарий