• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРнын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Аялдар диалогунун жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Нью-Йорктогу БУУнун алдындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Аялдар диалогунун жыйынына катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Борбордук Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун башчысы Наталья Герман, Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн регионалдык директору Алия Эль-Ясир, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн жана парламенттеринин өкүлдөрү катышты.

Аида Касымалиева өз сөзүндө диалог 2020-жылы түзүлгөндөн бери кыска убакыттын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын ар кандай топтору үчүн натыйжалуу аянтча берүү аркылуу өзү жөнүндө гендердик теңчилик принциптеринин демилгечиси катары таанылгандыгын белгиледи. Диалог аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык жашоосуна катышуу деңгээлин жогорулатуу ишинде эң мыкты дүйнөлүк практика, пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтчасына айланарына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында «аялдардын» күн тартибин илгерилетүүгө жана Борбордук Азиядагы Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда прогресске жетишүүгө багытталган регионалдык өнөктөштүк боюнча көптөгөн иш-чаралар каралып, 2022-жылга карата иш планы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий