• 87
  • 90.58
  • 0.83

Президентке каршы жасалган чабуул

Аналитика 0

Садыр Жапаров 2021-жылы өлкөбүзгө президент болуп шайланды. Ал мезгилден тартып Кыргызстанда бир топ саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына жалпы эл күбө. Үч жыл ичинде өлкө башчы жана өкмөт тарабынан республикабыз отуз жылдан бери көрбөгөн маанилүү долбоорлор, демилгелер жана жумуштар ишке ашып жатат. Өлкөбүздөгү отуз жылга созулуп келген башаламандыкты дароо эле же кыска убакытта жоюп, тартипке чакыруу оңой иш эмес. Ал үчүн саясий эрк керек. Ажобуз Садыр Жапаровдун өлкөбүздү өнүгүү жолуна салам деген саясий эрки, ой-тилеги бар. Акыркы үч жылда мамлекет башчынын эмгеги менен Кыргызстандын деңгээли эл аралык саясий майданында жогору көтөрүлдү жана көтөрүлүп жатат десем жаңылышпаймын. Садыр Жапаров өлкөнү өнүктүрүү максатында үч багытка басым жасады - бул салык, каржы системаларын темирдей ирээтке келтирүү жана көзөмөлдөө, тышкы саясатты кеңейтүү, коопсуздук маселелерин чечүү жана камсыздоо. Садыр Жапаров доорунда эгемендүү Кыргызстандын тарыхы көрбөгөн коррупцияга каршы туруктуу жана масштабдуу күрөш башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө.

Албетте, өлкөбүздө жүрүп жаткан реформалар баарына жаккан жок. Садыр Жапаров өзүнө каршы бир топ душман ашырды, ал сыр эмес. 1991 - жылдан бери элдин эсебинен байып келген кландар бүгүнкү күндө өзүнүн таасирин жоготуп алышты, жылдап жыйнаган арам байлыктары, мыйзамсыз жол аркылуу алган мүлктөрү өкмөттүн карамагына кайра кайтарылды. Кыргызстан кедей өлкө деген кепти биз көп укчубуз, бул үчүн уялып да кетчүбүз. Өлкө казынасына жана ээлигине кайтарылган ишканалардын, жер тилкелердин жана кыймылсыз мүлктөрдүн жарыяланган тизмелерин көргөн соң - Кыргызстан жакыр өлкө эмес, Кыргызстан бул байлыктары уурдалган мамлекет деген түшүнүк пайда болду. Эгемендүүлүктүн биринчи жылдарында майлуу-сүттүү ишканалар, жүздөгөн гектар жерлер, килтейген завод-фабрикалар эсептелүү бай адамдарга арзыбаган беш - алты тыйынга сатылды. Ошол кездеги кызмат ээлеген аткаминерлер да жөн отурбай, бийлик ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, өкмөттүк көптөгөн мал-мүлктү жеке менчигине өткөрүп алышкан. “Кыргызстанда жалкоо гана уурдабайт” деген кепти айткан өкмөт башчысы Турсунбек Чынгышев ушул бир сөз менен өлкөдөгү 1990-жылдары түзүлгөн экономикалык абалга так баа берген экен.

Ачык айтуу керек, Кыргызстандагы паракорчулук менен байлык топтогон, элдин акысын жеп жашаган ири регионалдык, кылмыштуу топтор, мафиялар Садыр Жапаров президенттик кызматынан кол жууса жакшы болмок деген тилекти бири-бирине айтып жүрүшөт. Садыр Жапаров кетсе биз кайра мурунку жашообузга кайтабыз деген кыялдары азыр да бар. Азыркы бийликке карата каршы кара пиар, маалымат согушун да каржылап берүүгө даярмын деген демөөрчүлөр аз эмес. Балким төңкөрүшкө да акча каражат беребиз, ажону кетирип бергиле деген лөктөр чыгат. Баары мүмкүн, өзгөчө Кыргызстанда.

Андан сырткары, тышкы күчтөр тарабынан президент Жапаровго каршы басым уюштурууга абдан кызыкдар тараптар да бар. Эч кайсы бир ири державага, жада калса коңшу өлкөлөргө күчтүү кыргыз башчысы жакпашы толук мүмкүн. Себеби күчтүү ажону колго алып, аны башкаруу мүмкүн эмес. Ошондуктан мамлекеттин тынчтыгы үчүн тышкы жана ички кыймыл-аракеттерге туруштук берүү керек. Өлкөнүн коопсуздугу үчүн артка чегинүүгө укугубуз жок. Борбордук Азияда алсыз ажо болсоң, сени дароо эле кулатып, тепселеп кетишет. Мисалы, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов, Казакстандын туңгуч ажосу Нурсултан Назарбаев эмне үчүн өлкөлөрүн өнүктүрүп, гүлдөтүп кетишкен? Себеби өзбек жана казак башчылары өлкөсүндө темирдей бекем тартипти орноткон, экономиканы алдыга сүрүп алып чыгышкан, баш бербеген кылмыштуу уюмдарды жана көзү май баскан паракорлорду талкалап, өзүнүн мамлекетин сактап калышкан. Мамлекетти өнүктүрүү үчүн мындан башка жол жок болгон жана болушу мүмкүн эмес эле.

Менин жеке пикиримде, бүгүнкү кырдаалда Садыр Жапаровго үч топ каршы чыгып, балким биригүүгө даяр. Бул элдин оокатын тартып байыган регионалдык кландар, криминал чөйрөсү жана эски карт бөрү саясатчылар. Бул үч баштуу ажыдаар мамлекет башчыга жана анын командасына чабуул жасаганга даяр, жана бул чабуул айрыкча акыркы кезде башталгандай сезилет. Биринчи номерлүү тергөө изолятордон үн каткан Мелис Аспеков азыр ар кандай кызыктуу маалыматтарды видео тасма аркылуу айтып жатат. Шайлоо боюнча, Камчы Көлбаев, Раим Матраимов тууралуу ар кайсы кептер айтылды. Эгерде биз Мелис Аспеков шайлоо жөнүндө жар салган маегине ишенсек, анда Садыр Жапаровду президент кылган жалгыз Аспеков экен.

Мелис Аспеков 2024-жылдын сентябрь айынын аягында 3 млн доллар жөнүндө УКМКнын жетекчиси К. Ташиевтин атына арыз жазган. Шайлоого берилген акча тууралуу Раимбек Матраимов, Мелис Аспековго эч кандай акча каражат берген эмес, жада калса Аспековду тааныбайт экен деп генерал Камчыбек Ташиев өзү расмий түрдө ушул жылдын 27-сентябрь күнү маалымдаган. Ошондуктан Мелис Аспеков коомго баяндап берген ооз эки сөздөрүндө эч кандай далилдер жок.

Мыйзамдагы ууру Көлбаевтин өлүмү боюнча Аспеков дагы бир чындыкка дал келбеген, акылга сыйбаган сөздү айтты. Көлбаев ажонун буйругу менен жок кылынган деп даректүү доомат айтуу туура эмес. Себеби Көлбаев кандай жагдайда өлүмгө учураганы эч кимге жашыруун эмес. УКМК Камчы Көлбаевти кармоо операциясында, ал күч структурасына активдүү каршылык көрсөтүп, жеринде жок кылынган. Ал иш-чара жүрүп жаткан кезинде УКМКнын төрагасы генерал Ташиев өзү айткандай кылмыштуу топ коопсуздук комитеттин кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, өз эрки менен багынып бербегендиктен атылып жок кылынган. Бул эч кандай сыр эмес.

Президент күч түзүмдөрдүн атайын операцияларына аралашпайт, мамлекеттик деңгээлдеги өзүнүн жумуштары толтура. Ал эми Аспековтун эмне максат менен ушундай жалган жалаа маалыматтарды таркатып жатат деген логикалык суроого жооп бере турган болсок, тергөө камагында жаткан адам эмне гана ойлоп таппайт. Эң кызыгы, Мелис мырза тасмада аябай жакшы тартылган. Актёрдук чеберчилиги бар экендиги да байкалды. Жүдөгөн, ооруган келбети жок, кийими таза, эч кимден коркпой сүйлөп жатат. Абакта отурган адам мындай эркин тасма тарта албайт. Мелис Аспеков камерада жалгыз отургандай көрүндү же бул тасмалар абакта эмес, башка жылуу бөлмөдө тартылды деген божомол жаралды. Аспеков эч кандай кыйынчылык көрбөгөн адамдай отурат, курсагы ток, бетинде кайгы жок. Аспековдун артында албетте кимдир бирөө бар жана Мелис мырза саясий курал катары колдонулуп жатат деген тыянак чыгарса болот. Мелис Аспековдун тергөө мекемесинде катуу жүргүзгөн “саясий” ишмердүүлүгүн ким каржылап, калкалап жатат? Мелис Аспековду ким колдоп жатат? Тергөө абактын жетекчилиги да бул ишке тиешеси барбы? - деген күмөн ойлор басты.

Аспековтун жомоктору бир гана максатты көздөйт - Президенттин намысына, кызматына шек келтирүү, коомго чындык жалган аралаш маалыматтарды таркатып, элди дүрбүлөңгө салуу. Бул жагынан алып караганда азыр социалдык тармактарды ачып карасаң фейктердин активдүү иш алып барып жатканы байкалат. Фейктер деле бекер иштебейт. Логикага таяна турган болсок, Аспековго кимдир-бирөө чоң кепилдик коюп берген – «ажого каршы сүйлөп чыгасың, мына сага акча, абакта курортто жүргөндөй жашайсың, сен менин айтканымды аткар!» - деген заказ бар. Демек, ал кимдир – бирөө, кандайдыр бир бийлиги, байлыгы бар жана мансапка ээ, кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар инсан. Аспеков жалгыз эмес. Анын артында үч баштуу ажыдаар тишин кайрап турат. Аспеков ага жүктөлгөн вазыйпаны мыкты аткарды, сөз жок. Бирок ага ким ишенет?

Ал эми күч органдары Аспековдун тергөө абактагы эркин жашоосун терең изилдеп чыгуусу зарыл.

Медербек Корганбаев

Пикир

Оставить комментарий