• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президенттин кубогу – 2023: Салбуурун боюнча мелдештер өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 30.08.23./Кабар/. Бүгүн Ош облусунун Төлөйкөн ат майданында 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган КР президентинин кубогунун алкагында салбуурун, жаа атуу, атчан жаа атуу, табак атуу, бүркүт салуу, ителги салуу жана тайган жарыш оюну боюнча беттештер өтүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Казакстан менен Малайзиядан келген жалпы 110 спортчу катышууда .

Финалдык беттештер эртең, 31-августта болот.

Пикир

Оставить комментарий