• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Президенттин кубогу-2024: Көк бөрү боюнча финалга чыккан командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 31.08.24. /Кабар/. Күн мурун көк бөрү боюнча КР президентинин кубогуна арналган турнирдин жарым финалдык оюндары орун алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Биринчи оюнда “Шахтёр” менен “Бийиктик” командалары беттешти. Оюн 7:3 эсебинде “Шахтёрдун” пайдасына жыйынтыкталып, команда 1-орун үчүн беттеш өткөрмөй болду.

Экинчи болуп оюн талаасында “Ак-Илбирс” менен “Ысык-Ата” командасынын реванштык оюну орун алды. 6:2 эсеби менен “Ак-Илбирс” командасы жеңишке ээ болуп, финалга жолдомо алды.

Эми “Шахтёр” жана “Ак-Илбирс” комнадаларынын финалдык беттеши бүгүн, 31-август күнү 16:30да орун алат. Ал эми “Бийиктик” менен “Ысык-Атанын” 3-орун үчүн болгон оюну эртең саат 9:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий