• 87
  • 89.63
  • 0.85

Президенттин саясий эрки Кыргызстандын ИДПсынын өсүшүн камсыздады – Замир Айылчыев

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. «Кыргызстан коррупциянын алдын алууда жана коррупцияга каршы күрөштө олуттуу кадамдарды жасап, конкреттүү реформаларга багыт таштап, ийгиликтерди жарата баштады»,-деп эсептейт Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин улуттук эксперт-консультанты, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык эксперт жана практикалык тажрыйбасы бар окумуштуу Замир Айылчыев.

"Балтика мамлекеттеринин коррупцияны алдын алуудагы ийгиликтери Кыргыз Республикасы үчүн үлгү"

Балтика өлкөлөрү Эстония, Латвия жана Литва, дүйнөлүк деңгээлде коррупцияны алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөшүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкен. Бул ийгиликтердин негизги факторлорунун бири – мамлекет башчынын күчтүү саясий эрки жана лидерлик сапаттары башкы ролду ойногон. Коррупцияга каршы күрөш жана аны жоюунун негизи саясий лидерлердин чечкиндүүлүгүндө жана мамлекеттик институттардын туруктуулугунда жатат. Балтика мамлекеттери башкаруунун бардык деңгээлинде реформаларды ишке ашырышып, күчтүү коррупцияга каршы мыйзамдарды кабыл алуу жана көз карандысыз институттарды түзүү менен дүйнөдөгү бардык мамлекеттерине үлгү көрсөтө алышты.

2004-жылы Балтика мамлекеттеринин Европа Биримдигине мүчө болуп кошулушу Эстония, Латвия жана Литваны коррупцияга каршы күрөшүүсүндө маанилүү ролду ойногон. Европа конфедерациясына бул мамлекеттердин мүчө болуу аркылуу Балтика мамлекеттериндеги ачыктыкты, мыйзам үстөмдүгүн жана натыйжалуу башкаруу системаларын бекемдөөнү шарттаган. Мындай шарттар коррупцияны азайтууга жана демократиялык принциптерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн.

Балтика мамлекеттеринин коррупцияны алдын алуудагы дагы бир олуттуу жетишкендиги бул мамлекеттик кызматтарды санариптештиришкен мисалы:

  1. Эстония ийгиликтүү электрондук өкмөт системасын ишке ашырып бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жада калса жарандардын шайлоолордо онлайн катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүшкөн. Учурда Эстония бардык мамлекеттик кызматтарды онлайн түрүндө көрсөтүүдө.
  2. Латвия мамлекети "Latvija.lv" порталы аркылуу мамлекеттик кызматтарды санариптештирип, маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жетишишти.
  3. Литва "Elektroniniai valdžios vartai" (Электрондук өкмөттүн дарбазалары) порталын түзүп, салык төлөмдөрүнөн баштап, ишкерчилик чөйрөсүнө чейин каттоо процесстерин жөнөкөйлөтүшкөн.

Акыркы 20 жыл аралыгында Балтика мамлекеттери эл аралык рейтингдерде коррупция деңгээлин олуттуу төмөндөтүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун жакшырта алышты. Мисалы, 2023-жылы Transparency International рейтингинде коррупция менен күрөшүүдө Эстония дүйнөдө 76 упай топтоп, 12-орунду, Литва 61 упай менен 34-орунду, ал эми Латвия 60 упай менен 36-орунду камсыздай алышты.

Кыргыз Республикасы коррупциянын алдын алууда жана коррупцияга каршы күрөштө, өзгөчө 2020-жылдын 5-октябрындагы саясий революциядан кийин олуттуу кадамдарды жасап, конкреттүү кардиналдуу реформаларга багыт таштап, ийгиликтерди жарата баштады. Мисалы: 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги, саясий эрки жана демилгеси менен Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүлүп, коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча комплекстүү чараларды баштаган. Кеңештин негизги максаты – туруктуу улуттук коррупцияга каршы стратегияны жана мыйзамдык базаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болгон. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата Улуттук коррупцияга каршы стратегиясы кабыл алынды. Бул Кыргыз Республикасындагы саясий туруктуулукту бекемдөөгө, экономикалык өнүгүүгө жана дүйнөлүк аренада Кыргызстандын имиджин көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам жана жетишкендик болду. Учурда Кыргыз Республикасында президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинин астында коррупция менен болгон күрөш, көмүскө экономиканы жоюу жана мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жогорулатуу аракеттери уланууда.

2023-жылы Transparency International отчетуна ылайык, Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 26 упай топтоп, 141-орунду ээлеген. Бирок, Балтика мамлекеттеринин тажрыйбасын, практикасын өздөштүрүү аркылуу Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүүдө дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошула алат деп эсептейм. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда конкреттүү мамлекеттик жана эл аралык чоң долбоорлор ишке ашып жатат. 2024-жылы президенттин саясий эрки жана негизги реформалардын ишке ашырылышы Кыргызстандын ИДПсынын 9% өсүшүнө алып келип, маанилүү жетишкендиктердин бири болду. Бул жетишкендикти бүткүл Дүйнөлүк банк дагы далилдеди.

Жыйынтыктап айтканда, Балтика мамлекеттеринин коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктери Кыргызстан үчүн мыкты үлгү болуп саналат. Саясий күчтүү эркти, натыйжалуу мыйзамдарды жана санариптик трансформацияны айкалыштыруу бул өлкөлөргө ийгиликке жетүүгө жардам берди. Бул тажрыйбаны кабыл алуу жана ыңгайлаштыруу аркылуу Кыргыз Республикасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жакшыртып, эл аралык рейтингдерде мыкты позицияларга ээ боло алат. Мындай стратегияларды бекемдөө өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий