Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Казыбек Молдажиев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары – контролдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ошондой эле мамлекет башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык, КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары – контролдоо бөлүмүнүн башчысы Бакиров Жетиген Жокинович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Пикир
Оставить комментарий