• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында 40 миңге жакын мугалим окутулду

Билим 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 39 миң 410 педагог окутуудан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жатат жана дагы 20 миңдей мугалим тренингден өтөт.

Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш чаралар 2023-жылы башталган. Азыркы учурга келип окутулган мугалимдердин саны төмөндөгүдөй:

- "Санариптик сабаттуулук" программасы боюнча – 22 миң 540 мугалим;
- "Инновациялык педагогикалык технологиялар" программасы боюнча – 5 миң 390 башталгыч класс мугалими;
- "Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери" программасы (математика, химия, физика, биология жана география) боюнча – 5 миң 760 мугалим;
- "Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары" программасы боюнча – 5 миң 720 мугалим.

Бардык программалар боюнча окутуулар гибриддик форматта – онлайн, оффлайн, башкача айтканда реалдуу режимде өткөрүлүп жатат. Ошондой эле мугалимдер тарабынан практикалык мүнөздөгү тапшырмаларды аткаруу үчүн өз алдынча иш каралган. Оффлайн тренингдердин негизги бөлүгү каникул убагында өткөрүлөт. Тесттерди ийгиликтүү тапшырган мугалимдер 72 сааттык окуу курсун бүтүргөн катары эсептелип Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун сертификаттарын алышат.

Белгилей кетсек, "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында бир нече багыттар боюнча жалпы 59 миңдей педагогдун билимин жогорулатуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий