• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

“Продэкспо-2025” көргөзмөсүнө катышуучулардан арыздар кабыл алынууда

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. “Продэкспо-2025” эл аралык көргөзмөсүнө катышуучулардан арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу "Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунан билдиришти.

Маалымат боюнча, тамак-аш жана суусундуктардын эл аралык көргөзмөсү 2025-жылдын 3-7-февралында Москва шаарында өтөт. Иш-чарага катышууну каалагандардын арыздары 13-декабрга чейин кабыл алынат.

Россиядагы жана Чыгыш Европадагы “Продэкспо-2025” эл аралык көргөзмөсүндө ишкерлер өз продукциясын көрсөтүшөт. Ошондой эле аянтча аркылуу жаңы бизнес байланыштарды табууга жана жаңы базарларга чыгууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Кошумча маалымат жана катталуу үчүн +996 707 702 703 телефонуна байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий