• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Прокуратура кызматкерлерине ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча окуу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму (ЕККУ) жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен биргеликте республиканын бардык аймактарындагы прокуратура органдарынын кызматкерлерине ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында окуу өткөрдү.

Башкы покуратуранын маалыматына ылайык, уюштуруучулар тарабынан окутуу процесси интерактивдик формада өткөрүлүп, анын алкагында электрондук пре-пост тесттер, көйгөйлүү кырдаалдарды түзүү аркылуу тажрыйбалык көнүгүүлөр, доклад, презентация, тажрыйба алмашуу оюндары, суроо-жооп ж.б. окутуу методдору колдонулду.

Тренингдин жүрүшүндө кызматкерлерге ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу учур талабы экендиги маалымдалып, ишкерлердин укуктарын коргоо тармагындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптары, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси ж.б. боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Белгиленгендей, Башкы прокуратура тарабынан президенттин 09.01.2024-жылдагы №1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндөгү” Жарлыгынын талаптарын кынтыксыз сактоо боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий