• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Путин АКШ террористтерди эмнеге колдонуп жатканын айтып берди

Дүйнө 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. РФ президенти Владимир Путин АКШ террористтерди Россиянын ички саясатын козгоо үчүн колдонорун билдирди.

Анын айтымында, Түндүк Кавказда, Чечняда маселе жаралганда, тилекке каршы, америкалыктар бул процесттерди колдоого алган.

Россия лидери Путин Showtime телеканалы көрсөткөн Оливер Стоунга берген маегинде: “Муздак согуш өткөн жылдарда калган, биз дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен түшүнүктүү, ачык мамиле куруп келебиз”,- деди. “Ошол эле учурда АКШ жана Европа менен дагы мамилебиз ачык. Биз алардын колдоосун күткөнбүз. Бирок, анын ордуна АКШнын атайын кызматтары террористтерди колдоп жатканына күбө болдук. Мен оюмча маанилүү деген нерсени айтсам: биздин америкалык өнөктөштөрүбүз сөз жүзүндө Россия менен кызматташууга даяр экендиктерин, ошондой эле, терроризм менен күрөшүүдө да колдоорун билдиргени менен, иш жүзүндө алар террористтерди Россиянын ички саясий абалын козгоо үчүн колдонуп жатышат”- деп билдирди.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий