• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Пекин шаарында кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы өтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бүгүн Пекин шаарында кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы өтөт. Кытайдын баш калаасы 14 жылдын ичинде жайкы да, кышкы да Олимп оюндарын кабыл алган тарыхтагы алгачкы шаар болуп калды.

Буга чейин кытай бийлиги адам укуктарын жапырт бузуп жатканына байланыштуу АКШ баштаган бир катар өлкөлөр Бээжинде өтө турган бул оюндарга дипломатиялык бойкот жарыялаган. Ага ылайык, Олимп оюндарына бул өлкөлөрдүн өкмөттүк аткаминерлери барбайт, бирок спортчулары катыша берет.

Россиянын расмий курама командасы допинг чырына байланыштуу "нейтралдуу спортчулар" катары катыша турганына карабастан, өлкө президенти Владимир Путин оюндардын ачылыш аземина катышат.

Формалдуу түрдө Путин Пекинге Эл аралык Олимпиада комитетинин эмес, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барат. Сапардын алкагында эки лидер саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт деп күтүлүүдө. Бул пандемия башталгандан бери Кытай лидеринин чет өлкөлүк жетекчи менен алгачкы жолугушуусу болот.

Путинден тышкары оюндардын ачылыш аземине Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Египеттин, Польшанын, Сербиянын, Аргентинанын президенттери, Камбоджанын падышасы, Сауд Арабиясынын жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, Люксембургдун герцогу жана Монаконун князы катышат.

Коронавирус пандемиясына байланышту Олимпиада оюндары бир катар чектөөлөр менен өтөт.

Оюндардын алгачкы катышуучулары Пекинге 23-январдан тарта бара башташкан. Андан бери 300 кишиден коронавирус аныкталса, алардын 100дөн ашыгы спортчулар жана командалардын өкүлдөрү болушкан. Бирок алардын эч кимиси ооруканага жаткырылган жок.

Мелдештерге чет өлкөлүк күйөрмандар киргизилбейт, трибуналар көрүүчүлөргө 30% гана толот.

Расмий түрдө Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин өтүп, 109 медалдын комплектиси ойнотулат.

Пекиндеги оюндар толугу менен жасалма карга таянган тарыхтагы алгачкы Олимпиада болуп калат, анткени аймакта кар өтө эле аз жаайт.

Расмий маалыматтарга ылайык, Олимпиада-2022нин бюджети 4 миллиард долларга жакын сумманы түзөт. Бирок "РБК" басылмасынын эсеби боюнча чынында оюндарды уюштурууга кеткен чыгымдар расмий бюджетинен болжол менен он эсеге көп. Муну менен ал 2014-жылы Сочиде жана 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиадалардан кийинки тарыхтагы эң кымбат оюндардын бири болуп калууда.

Пикир

Оставить комментарий