Үрүмчүдө Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды

Экономика 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Күн мурун Үрүмчү шаарында Кыргыз-кытай (СУАР) соода-экономикалык кызматташуу борборунун кеңсеси ачылды.

КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Аталган борбор Синлун индустриалдык паркынын аймагында жайгашкан жана 400 чарчы метрден ашык аянтты ээлейт.

Кызматташтык борборуна КР Экономика министрлигинен караштуу караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан уруксат берилген, бул анын соода өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыкта иштешине кепилдик берет.

Борбордун негизги максаты эки тараптан тематикалык жолугушууларды, иш-чараларды жана долбоорлорду презентациялоо аркылуу кыргыз жана кытай бизнеси үчүн платформа түзүү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, инвестициялоо багыттары жана кыргыз жана кытай ишканаларынын биргелешкен кызматташтыгы үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө актуалдуу маалыматтар сунушталат.


Синлун индустриалдык паркынын ээси Xing Long Синьцзян корпорациясы Кыргызстандын аймагындагы индустриалдык паркты өнүктүрүүгө кызыкдар. Кытай тарап Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн көптөгөн кытай компанияларын тартууга ниеттенүүдө. Бул эки өлкөнүн ортосунда өз ара инвестицияларды тартууга, өнөр жайды жана инновацияларды модернизациялоого дем берүүгө өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий