• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Разаков Россия өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Константин Чуйченко менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Константин Чуйченко менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүңдө кыргыз-россия кызматташтыгынын кеңири маселелери талкууланды. Анын ичинде тараптар өндүрүш, айыл чарба, энергетика, соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташууну мындан аркы өркүндөтүү келечектерин жана мүмкүндүктөрүн талкуулашты.

Жеңиш Разаков Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгиледи, буга байланыштуу өлкөлөр ортосундагы соода алакаларын мындан аркы либералдаштырууда активдүү, биргелешкен иштерди улантууну сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын 20-жыйынынын Протоколун аткарууга байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын 2019-жылдын февралында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Константин Чуйченко соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагалары болуп саналышат.

Пикир

Оставить комментарий