• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Zagreb Open рейтингдик мелдеши: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open биринчи рейтингдик мелдешинин жарым финалына чыкты.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.

62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айсулуу Тыныбекова мелдештин 1/16 финалынан тарта катышып, алгач америкалык Адаго Диана Нвачукву менен кез келди. Тыныбекова атаандашын 4:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыкты. Чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргыз спортчусу атаандашы кытайлык Яру Вуну 6:5 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Касабиеваны 7:3 эсебинде артта калтырып, жарым финалга чыгуу укугуна ээ болду.

Жарым финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекованын атаандашы япониялык Сакура Мотоки болмокчу.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында өткөн Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.

Пикир

Оставить комментарий