• 87
  • 90.41
  • 0.84

Республикада 41 балдардын ден-соолугун чындоочу борбор жана лагерлер бар

Өкмөт 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Учурда республика боюнча балдар жайкы каникулда эс ала турган 7814 балага ылайыкталган 41 балдардын ден-соолугун чындоочу борбор жана лагерлер бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жашы жете элек балдар боюнча бөлүм башчысы Азамат Абдрахманов, «Окуу жылынын жыйынтыгы, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, жаңы мектептердин курулушу» тууралуу маалымат жыйында билдирди.

«Мындан сырткары жалпы билим берүү мекемелеринде күндүзү балдар келип эс ала турган 638 мектеп алдындагы лагерлер ачылды. Алар 2017-жылдын 5-июнунан 6-июлуна чейин иштейт.

Ар бир мектеп алдындагы лагерде кайгуул кызматынын жашы жете электерди текшерүү кызматкерлери, эртең мененки жана күндүзгү жол кыймылын жөнгө салуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектепке жакын жерлерде алардын ата-энелеринин жана мугалимдердин коопсуздугун коргоо боюнча иш алып барат. Бардык лагерлерге кошумча 200 милиция кызматкери тартылды, алар түнү-күнү коомдук тартипти көзөмөлдөйт», – деди ал.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, республика боюнча 2087 жалпы билим берүү мекемелери текшерүүдөн өткөн. Жыйнытыгында жолдун боюнда жайгашкан 573 мектепке 909 жол белгилерин орнотуу керектиги аныкталган. 174 жерге жасалма ылдамдыкты азайтуучу белгилер коюлушу керек болсо, 535 жерге кошумча чакыруу светофордук объекттер коюлуп, 543 жерге жол белгилерин орнотуу керек.

Пикир

Оставить комментарий