• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимине ылайык 2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталып, сыйланышты:

биринчи топтун арасынан:

- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү;

- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү;

- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү;

экинчи топтун арасынан:

- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү;

- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү;

- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтү.

Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны учурунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий