• 86.5
  • 91.23
  • 0.87

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине 100 млн сомго жабдуулар сатып алынат

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Айпери Кожоева - Кабар/. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине министрлер кабинети тарабынан 100 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн аталган мекеменин имаратынын капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу ачылышында эмгек министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражатка заманбап үлгүдөгү жабдуулар жана шаймандар сатып алынат.

“Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин модернизациялоо тапшырмасы коюлган.

Анын алкагында биринчи этапта мекеме оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, ал эми экинчи этапта мекемени жаңы ачылган цехтерин жабдууга 100 млн сом бөлүнөрү белгилүү болду. Каражатка цехтер үчүн заманбап үлгүдөгү жаңы жабдуулар жана шаймандар алынат”, - деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, анда кресло-коляскаларды чогултуу жана заманбап кол протездерин жасоо цехтери ачылды.

Пикир

Оставить комментарий