• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ден соолук күнүнө карата Бишкекте 100гө жакын көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Ден соолук аллеясында” Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата бак-дарактарды отургузуу боюнча “Бардыгына ден соолук!” акциясы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Жашылдандыруу акциясына 200гө жакын адам катышты.

Ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлдөрү, АКШ жана Түркия элчиликтеринин өкүлдөрү жана анда иштеген дипломаттар, Бишкек шаарынын мэриясынын жана республикалык ден соолук борборунун кызматкерлери катышышты.

"Катышуучулар клён жана ак кайыңдын белгиялык сортунан 40 көчөт, “Глокозум” сортунан клёндун 30 көчөтүн жана ак кайыңдын 10 көчөтүн отургузушту.
Көчөттөр Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси тарабынан каржыланган. Ал эми жаңы отургузулган бактардын көчөттөрүн сугаруу жана багуу “Бишкекжашылчарба” МИси тарабынан ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий