• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эми кыргыз-орус өнүктүрүү фонду стартаптарды да каржылайт. Аны кантип алса болот?

Экономика 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. 2019-жылдан тарта стартаптарды каржылоо долбоору ишке кирди. Бул тууралуу брифингде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) башкармалыгынын төрагасынын орун басары Олег Кудяков билдирди.

Анын айтуусунда, бул жылы стаптаптарды каржылоого миллион доллар бөлүнөт. Ушундай эле сумма комбанктар аркылуу дагы бөлүнөт.

"Стартап долбоорлорго финансы алуунун шарттары: эсептик чен өлчөмү 4%, төлөө мөөнөтү - жети жылы жана эки жылдык каникул жана 15 % жеке акы", - деп билдирди ал.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдиргендей, миллион доллар үч облуска бөлүнөт: Баткен, Талас жана Нарын.

"Бир облуска бир долбоор үчүн 200 миң доллардан 350 миң долларга чейин каралууда. Экинчи миллион жаңыдан баштап келе жаткан ишкердин чакан бизнеси үчүн, бул өнөктөштөр менен ишке ашышы мүмкүн. Мунун бардыгы иштелүүдө", - деп түшүндүрдү ал.

Асрандиев баса белгилегендей, стартаптар үчүн каржы алуу шарттары кыйла жеңилдетилген.

Пикир

Оставить комментарий