• 87
  • 89.63
  • 0.85

Россия Башар Асадга башпаанек берди – Песков

Дүйнө 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Сириянын мурдагы лидери Башар Асадга жана анын үй-бүлөсүнө башпаанек берүү чечимин кабыл алган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ошондой эле ал Путиндин расмий графигинде азыр Асад менен жолугушуу жок экенин айтты.

Кошумчалай кетсек, Кремлдин басма сөз катчысы Сирияда “орусиялык базаларды сактап калуу жөнүндө сүйлөшүү эртелик кылат” деп билдирди.

Песковдун айтымында, бул Сирияны жетектей тургандар менен талкуулоочу тема.

Буга чейин CNN Turk телеканалы Россия Түркиядан Сириядагы аскерлерин чыгарып кетүү үчүн Хмеймим авиабазасы менен Тартустагы аскер-деңиз базасын кошпогондо жардам сураганын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий