• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Россияда Кыргызстандын эмдөө сертификаттарынын таанылышы боюнча иштер жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Россияда Кыргызстандын эмдөө сертификаттарынын таанылышы боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Москвага жумушка орношууда кыргызстандыктардын башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралуу социалдык тармактарда жана ЖМКда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги төмөнкүнү билдирет.

Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 10-июнунан тартып Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги Кыргызстандын эмдөө сертификаттарын чет мамлекеттер тарабынан таануу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүүдө.

“Вакцинация жөнүндө Кыргызстандын сертификаттарынын үлгүлөрү, аларды Россиянын аймагында таануу жөнүндө өтүнүч менен дипломатиялык каналдар аркылуу Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтүлдү. Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан Россиянын Тышкы иштер министрлигинде өткөн жыйындарында көтөрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Россия тараптын маалыматы боюнча, кыргыз тараптын кайрылуусу учурда Кыргызстандын тиешелүү компетенттүү органдарында каралып, эмдөө боюнча сертификаттарын таануу процедурасы аягына чыга элек. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Россияда чет элдик сертификаттардын бири дагы тааныла элек.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Россияга жумушка орношууда жана QR-коддорун алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, элчилик Россияга иштөөгө келүүнү көздөгөн мекендештер үчүн бара турган өлкөсүндө тастыкталган россиялык препараттарды алуусу максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Кыргызстандын эмдөө сертификаттарын чет мамлекеттерде таануу боюнча иштер Тышкы иштер министрлиги, тышкы соода жана инвестициялар жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин линиясы боюнча улантылат.

Пикир

Оставить комментарий