• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Россиядагы элчилик жыл ичинде 50 кыргызстандыктын айлык акы маселесин чечип берген

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бир жыл аралыгында аткарган иштери боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, элчиликтин көмөгү менен Россияда каза болгон Кыргызстандын 15 жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү.

- айлык маянасын ала албай калган 50 мекендештин 1 млн 963 миң 600 рубль өлчөмүндө акча каражаты өндүрүлүп берилди.

- Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан кармалган 48 кыргызстандык, ошондой эле Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүгүнүн “з” пункту менен кылмыш иши козголгон Кыргызстандын бир жараны камактан бошотулду.

Мындан сырткары, элчиликтин кызматкерлери Красноярск крайынын, Москва, Владимирск жана Самара облустарынын жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган 42 кыргызстандыктын ар бири менен жолугуп, жеке баарлашты.

Маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттери менен 10 жолугушуу өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 8 миң 544 адамга консультациялар берилди.

Пикир

Оставить комментарий