• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

2022-жылы өлкө аймагы боюнча 36,6 миң кылмыш иши козголгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын тогуз айында өлкө аймагы боюнча 36 миң 696 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинде 34 миң 226 кылмыш ички иштер органдарында козголгон. Бул кылмыштардын жалпы санынын 93,3 пайызын түзөт. Быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактысынын, же 56,1% бети ачылган.

Сот органдарына 14 миң 124 кылмыш иши жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий